Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июлу № 28
Жаңы-Жер айылындагы гараждын күн чыгыш тарабынан 0,5га жерге малдарды дарылоочу, жасалма жол менен уруктандыруу үчүн пункт куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Жаңы-Жер айылынын элдердин малдарын жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында Жаңы-Жер айылындагы гараждын күн чыгыш тарабынан 0,5 га жер ажыратуу жана ал жерге малдарды дарылоочу, жасалма жол менен уруктандыруу үчүн пункт куруу жөнүндө жер адиси С. Дыйканов даярдаган билдирүүнү угуп, талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз LXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын элдердин малдарын жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында Жаңы-Жер айылындагы гараждын күн чыгыш тарабына малдарды дарылоочу, жасалма жол менен уруктандыруу үчүн пункт куруу үчүн 0,5га жер ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А. Камаловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |