Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-апрели № 2
Жалал-Абад шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелердин абалы жана медициналык санитардык жардам көрсөтүү менен камсыздоо жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылга карата иш планынын негизинде Жалал-Абад шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин абалы жана шаардыктардын медициналык санитардык жардам көрсөтүү менен камсыздоо жөнүндөгү комиссиянын төрайымынын тактамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Э. Сатарованын маалыматы эске алынсын.
2. Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Т. Темирбаевге ушул тактамада көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча иш алып барып, квартал сайын шаардык кеӊешке маалымат берип туруу жагы милдеттендирилсин.
3. КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн башчысы Ж.Ш. Эгамбердиевадан Жалал-Абад областтык биргелешкен клиникалык ооруканасынын, айрыкча балдар операция бөлүмү, Жаш балдар жана ымыркайлар бөлүмү, жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнүн капиталдык ремонтуна акча каражатын бөлүп берүүнү КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине сунуштоо жагы Жалал-Абад шаарынын аткаруу бийлигине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына, вице-мэр Т. Темирбаевге милдеттендирилсин.
6. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Ормоков |
Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдагы иш мерчеминин негизинде Жалал-Абад шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелердин абалы жана шаардыктардын медициналык санитардык жардам көрсөтүү менен камсыздоо жөнүндө Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 01-11/03-буйругунун негизинде убактылуу комиссиянын курамы түзүлүп, жеринде текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Жалпы Жалал-Абад шаарынын аймагында саламаттыкты сактоо жаатында иш жүргүзгөн 21 мамлекеттик мекеме бар болуп, анын ичинен.
Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
8 үй-бүлөлүк даарыгерлер тобу;
Жалал-Абад шаардык кургак учукка каршы диспансери;
Жалал-Абад областтык СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борбору;
Жалал-Абад областтык кан борбору;
Жалал-Абад шаардык кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүчү мекеме;
Жалал-Абад областтык клиникалык оорукана;
Жалал-Абад областтык Р. Г. Бауэр атындагы кургак учукка каршы күрөшүү борбору;
Жалал-Абад областтык психикалык ден-соолук борбору;
Жалал-Абад областтык Түштүк регионалдык илимий жүрөк-кан тамыр хирургия борбору;
Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору;
Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
Жалал-Абад областтык калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борбору;
Жалал-Абад областтык соттук-медициналык экспертиза бюросу;
Жалал-Абад областтар аралык ден-соолукту калыбына келтирүү «Бакыт» борбору.
Жогорудагы саламаттыкты сактоо жаатындагы макемелердин ичинен Жалал-Абад областтык оорукананын балдар хирургиясы, балдар реанимациясы, жугуштуу оорулар, ымыркайлар жана өспүрүмдөр бөлүмдөрү текшерилди. Анткени аткаруу бийлигинин иш планында саламаттыкты сактоо мекемелеринин абалы жөнүндө текшерүү үчүн 2016-жылдын 11-февралында № 29-б буйругу чыгып 15 адамдан турган убактылуу комиссия түзүлгөн.
Шаардык оорукананын балдар хирургиясы, балдар реанимациясы, жугуштуу оорулар,ымыркайлар жана өспүрүмдөр бөлүмдөрүнүн текшерүүдөн алынган жыйынтыгы төмөндөгүчө:
Балдар хирургиясында - бул стационар 1989-жылы курулган болуп, ошол маалдан бери капиталдык ремонттон өткөн эмес. Балдар хирургия бөлүмүндө өзгөчө белгилеп кетүүчү бул операция жасалуучу бөлмөлөрү, бөлүмдө бир жылда миңден ашык оорулуу балдар даарыланып чыгышат. Мисалга алсак: 2013-жылы 1036, 2014-жылы-1027, 2015-жылы-958. Даарыланып чыккан балдардын ичинен 80% га чейин операция жолу менен даарыланат. 2013-жылы 875 операция, 2014-жылы 855 операция, 2015-жылы 822 операция жасалган. Даарыланып чыккан оорулуулардын ичинен 30-32% Жалал-Абад шаарынын балдарын түзөт. Жалал-Абад шаардык балдар 2013-жылда 312 бала, 2014-жылда 308 бала, 2015-жылда 300 бала даарыланып жана ар түрдүү операция жасалган.
Жалал-Абад областтык клиникалык оорукананын Балдардын хирургия бөлүмүндөгү операция жасалуучу бөлмө жалпы капиталдык ремонтко муктаж, операция жасоочу столдун эскилиги жетип, кыйшайып кеткен.
Жаш балдар жана ымыркайлар бөлүмү - 43 орундуу керебетке ылайыкташтырылган, бөлүмдө 28 күндүк ымыркайдан баштап 14 жаш 11 ай 29 күнгө чейинки балдар жатып дарылана алышат.
Бул бөлүмдө 6,5 дарыгердик, 21,5 медайымдык жана 11 кичи медайымдык штат болгондугуна байланыштуу бөлүмдө 5 дарыгер, 17 медайым жана 9 кичи медайым эмгектенет.
Жаш балдар жана ымыркайлар бөлүмүнүн ооруулардын саны 2014-жылы 2919 оорулуу катталган болсо, 2015-жылга карата көрсөткүчтөрү 3009 оорулуу келип түшкөн:
Анын ичинен өлгөн балдардардын көрсөткүчтөрү:
Аймактарга салыштырмалуу ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү:
Ошондой эле 2015-жылы бөлүмдүн дарыгер, медайымдарынын күчү менен косметикалык ремонт иштери жасалган, админстрация тарабынан оорулууларга зарыл болгон Небулайзер, кислороддук консентарт, пульсоксиметр менен камсыз кылынган. Бирок таблицада көрүнгөндөй оорулулардын саны жылдагыдай эле жаш балдардын өлүмү жогорку деңгээлде калууда. Имарат косметикалык ремонттон өткөнү менен талапка жооп бербейт. Эшик менен терезелердин абалы өтө начар, кыш-күз мезгилинде бөлүмдөрдү желдетүү мүмкүн эмес болгондуктан бөлүм ичинде реинфекциялар көбөйүүдө.
Жогорудагы көрүнүштөргө маани берген болсоңуздар бул бөлүмдүн эң эле көйгөйлүү маселелери бүгүнкү күндө керебеттердин санын көбөйтүп, бардыгын керебеттер менен камсыздап берүү, имаратты капиталдык ремонттон өткөрүп, эшик терезелерин алмаштыруу.
Жугуштуу оорулар бөлүмүндө- бул бөлүм эки этаждан, атайын жугуштуу оорулар үчүн типтүү болуп курулган. 1986-жылы 70 керебетке ылайыкташтырылып, ар бир бөлмөдө сан.узел кошумча эшиктери менен 1-этаж ич өткөк , ичеги карын оорулары үчүн , 2-этаж аба аркылуу жугуучу жугуштуу оорулар үчүн курулган. Чондор үчүн өзүнчө, жаш балдар үчүн өзүнчө дарыланууга ылайыкташтырылып, план боюнча салынган.
Бирок кайра каруунун негизинде бардыгы кыскартылып, 2001-жылы чондор, жаш балдар баары бир бөлүмгө 1-этажга жайгаштырылып, 2-этаж кардиология жана кардио-реанимацияга берилип кеткен.
Бүгүнкү күндө жугуштуу оорулар бөлүмү эки кабаттуу турак жайдын биринчи кабатында жайгашып, башка бөлөмдөрдөн цементтүү плиталар менен тосулган. Суу түтүкчөлөрү, жылытуу, ажатканалар системасы борборлоштурулган. Булганган суулар хлоратордо тазаланат. Жугуштуу оорулар бөлүмүндө 40 орундук берилген болуп анын ичинен чондор үчүн 15 орун, жаш балдар үчүн 25 орун берилген, ал эми жандандыруу бөлмөсүнө 6 орундук, чондор үчүн коркунучтуу жугуштуу оорулар үчүн атайын даярдыктар көрүлүп, пландар түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө суу түтүкчөлөрү жана жатакана системасы оор абалда.
Жугуштуу оорулар бөлүмү областтык болгондуктан жалпы областтан келип дарыланып кетишет. (област менен шаардын пайыздык көрсөткүчтөрү таблица көрсөтүлөт)
Жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү амбулатордук оорулардын салыштырмалуу 2015-2014-2013-жылдардагы каттоосу төмөндөгүчө:
Жандандыруу бөлүмүндө 2015-жылы 482 бейтап, ал эми 2014-жылы 348 бейтап кабыл алынып, бул көрсөткүч жаш балдардын эсебинен көбөйгөн. Оорунун орточо айланышы төмөндөгүчө:
Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан медициналык мекемелердин жетекчилерине:
медициналык имараттардын ичиндеги тазалыкты сактоо, санитардык нормага келтирүү, медициналык мекеменин жетишсиз болгон эмерек, жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн эл аралык донордук уюмдар менен иштөөнү күчөтүү жагы милдеттендирилсин.
Жалал-Абад областтык клиникалык оорукананын башкы дарыгерине (А.С. Кулбаевге):
ооруканада жаткан бейтаптарга шарт түзүп, имаратты ички жана сырткы ремонттон өткөрүү үчүн иш алып баруу;
милдеттүү камсыздоонун эсебинен медикаменттер менен камсыздоо жана жеӊилдиктерди кароо;
Т. Тайгараев АБгы тери-венерологиялык ооруканасынын абалы жөнүндө шаардык кеӊешке жана шаардык мэрияга маалыматын берүү милдеттендирилсин.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Т. Темирбаевге:
Жалал-Абад областтык биргелешкен клиникалык ооруканасынын, айрыкча балдар бөлүмүнүн имаратынын ички ремонтун, канализация, дааратканаларын талапка ылайык шарт түзүү, жатак орундарын көбөйтүү үчүн көмөктөшүү максатында КРнын Саламаттыкты сактоо министирлигине кайрылуу;
Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан коомдук тамактануучу жайларда эмгектенген жумушчуларды, соода түйүндөрүндөгү соодагерлердин миледеттүү түрдө медициналык көзөмөлдөн өткөрүү жагы;
“Дени сак улут” аттуу программа иштеп чыгып Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан мекеме-ишканалардын, уюмдардын, жашоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн башчысы Ж.Ш. Эгамбердиевадан резервдик фондунан Жалал-Абад областтык биргелешкен клиникалык ооруканасынын, айрыкча балдар операция бөлүмү, Жаш балдар жана ымыркайлар бөлүмү, жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнүн капиталдык ремонтуна акча каражатын бөлүп берүүнү сунуштоо жагы Жалал-Абад шаарынын аткаруу бийлигине милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына, вице-мэр Т. Темирбаевге милдеттендирилсин.
Комиссиянын катчысы
шаардык кеӊештин
Жетектөөчү адиси: Б. Кулматова