Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-апрели № 3
Жалал-Абад шаарынын Ч. Айматов аймактык башкармалыгындагы Бахор кварталынын аталышын өзгөрүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынан келип түшкөн 09.12.2015-жылдагы № Кл-1286-катын шаардык кеңештин географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча жобосунун негизинде социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымынын Э. Сатарованын баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Ч. Айтматов аймактык башкармалыган караштуу Бахор кварталынын аталышы Биримдик деп өзгөртүлсүн.
2. Ч. Айтматов аймактык башкармалыгынын калкынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, аншлагдарды даярдоо жана илүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Ормоков |