Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-апрели № 4
Жалал-Абад шаарынын Достук кичи районундагы № 4-балдар бакчасына ысым берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынан келип тушкен 20.04.2016-жылдагы № 05-06/903 катын шаардык кеңештин географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча жобосунун негизинде социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын терайымынын Э. Сатарованьш баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги ХХХШ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы № 4 бакчасына №4 "Алтын Балалык" наамы ыйгарылсын.
2. Ысым ыйгарылган балдар бакчасынын тийиштүү юридикалык иш-кагаздарын даярдоо жагы Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердуулук, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Ормоков |