Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-февралы № 1
Дара айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата бюджетин бекитүү, 2017-2018-2019-жылдарга бюджетинин долбоору жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Зайналов Дара айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата бюджетин бекитүү, 2017-2018-2019-жылдарга бюджетинин долбоору боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XХХXХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы 12879,7 (он эки миллион сегиз жүз жетимиш тогуз миң) сом, такталган планы 18796,6 (он сегиз миллион жети жүз токсон алты миң алты жүз) сом, чыгаша бөлүгү 16688,8 (он алты миллион алты жүз сексен сегиз миң сегиз жүз) сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (№ 1тиркеме).
2. Дара айыл өкмөтүнүн бюджети 2016-жыл үчүн киреше бөлүгү 16197,8 (он алты миллион бир жүз токсон жети миң сегиз жүз) сом, чыгаша бөлүгү да 16197,8 (он алты миллион бир жүз токсон жети миң сегиз жүз) сом суммада бекитилсин. (№ 2тиркеме);
3. Дара айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 2016-жыл үчүн 162 000 ( бир жүз алтымыш эки миң ) сом суммада бекитилсин.
4. Дара айыл өкмөтүнүн 2017-2018-2019-жылдарга бюджетинин долбоору кабыл алынсын. (№ 3 тиркеме)
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Зайналовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |