Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-февралы № 2
Дара Айыл өкмөтүнүн 2015-жыл үчүн айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын аткарылышы жана 2016-жылга карата индикативдик планын бекитүү жөнүндө
Дара Айыл өкмөтүнүн 2015-жыл үчүн айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын аткарылышы жана 2016-жылга карата индикативдик планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XХХXХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн 2015-жыл үчүн айыл чарба өндүрүшү боюнча индикативдик планынын аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата индикативдик планы бекитилсин. (№ 1тиркеме);
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ж. Бабаевге жана айыл өкмөтүнүн экономист-статист башкы адис К. Курбанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |