Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-февралы № 4
“Дара суусу” ичүүчү таза суу пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жыл ичинде аткарган иштери жана 2016-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Дара суусу” ичүүчү таза суу пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жыл ичинде аткарган иштери жана 2016-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө “Дара суусу” ичүүчү таза суу пайдалануучулар бирикмесинин башчысы А. Амиралиевдин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XХХXХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Дара суусу” ичүүчү таза суу пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жыл ичинде аткарган иштери көңүлгө алынсын жана 2016-жылга түзүлгөн бюджети бекитилсин (№ 1тиркеме).
2. “Дара суусу” ИСКАКБсынын ар бир жаран үчүн айына 15 сомдон белгиленсин жана акча каражатын чогултуу үчүн кассирлерге жыйналган акча каражатынан 10% берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А. Камаловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |