Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-февралы № 6
Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2015-жыл ичинде аткарган иштери жана 2016-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, иш-планын бекитүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2015-жыл ичинде аткарган иштери жана 2016-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, иш-планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XХХXХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2015-жыл ичинде аткарган иштери белгиленсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2016-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасы жана иш планы бекитилсин. (№ 1тиркеме);
3. Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жайыттарды башкаруунун жамааттык планы жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инвестициялык пландары бекитилсин. (№ 2, № 3 тиркеме)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А. Камаловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |