Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-февралы № 8
Кайыңды айылындагы Таш-Кетчү участкасындагы 0,55 га жер аянтын (трансфармациялоо) которуу жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын жашоочусу Ы. Мурзамамытовдун арызынын негизинде Дара айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Дыйкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XХХXХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылындагы “Таш-Кетчү” участкасындагы 0,55 га жайыт жер тилкеси калктуу конуштар категориясына (трансфармациялоого) которууга макулдук берилсин.
2. Жер тилкесинин категорияларын (трансфармациялоо) которуу үчүн тийиштүү болгон иш кагаздарын бекитип берүү жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А. Камаловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |