Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-февралы № 9
Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Зардалек-Баткен” СПАсынын 2015-жыл ичинде аткарган иштери жана 2016-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Зардалек-Баткен” СПАсынын 2015-жыл ичинде аткарган иштери жана 2016-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө “Зардалек-Баткен” СПАсынын башчысы А. Умаровдун даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XХХXХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Зардалек-Баткен” СПАсынын 2015-жылдагы аткарылган иштери көңүлгө алынсын жана 2016-жылга карата түзүлгөн бюджети бекитилсин. (№ 1тиркеме)
2. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы сугат суу үчүн бакка-1сотых жер үчүн=12сом, айдоо жери үчүн 1 сотых= 14 сом болуп белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А. Камаловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |