Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-апрели № 10
Дара айыл өкмөтүнүн атайын эсебине келип түшкөн 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражатына кошумча сметасын бекитүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Сайкалов Дара айыл өкмөтүнүн “Горная инвестиции Компания “Кайди” ЖЧКнан түшкөн акча каражатын Кан, Тунук-Суу, Сары-Талаа айылдарынын ички каналдарын оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча маалыматты угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз LXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн атайын эсебине келип түшкөн 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражаты Дара айыл өкмөтүнүн Кан, Тунук-Суу, Сары-Талаа айылдарынын ички каналдарын оңдоо иштерине жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Зайналовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |