Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-апрели № 11
Дара айыл өкмөтүнүн 2017-2019-жылдарга бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
1. Дара айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Зайналовдун Дара айыл өкмөтүнүн 2017-2019-жылдарга бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз LXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн 2017- жыл үчүн киреше бөлүгү 16097,8 (он алты миллион токсон жети миң сегиз жүз) сом, анын ичинен атайын эсебинен 181000 (бир жүз сексен бир миң) сом, чыгаша бөлүгү да 16097,8 (он алты миллион токсон жети миң сегиз жүз) сом суммада бекитилсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн 2018- жыл үчүн киреше бөлүгү 16680,9 (он алты миллион алты жүз сексен миң тогуз жүз) сом, анын ичинен атайын эсебинен181000 (бир жүз сексен бир миң) сом, чыгаша бөлүгү да 16680,9 (он алты миллион алты жүз сексен миң тогуз жүз) сом суммада бекитилсин.
3. Дара айыл өкмөтүнүн 2019- жыл үчүн киреше бөлүгү 16880,9 (он алты миллион сегиз жүз сексен миң тогуз жүз) сом, анын ичинен атайын эсебинен181000 (бир жүз сексен бир миң) сом, чыгаша бөлүгү да 16880,9 (он алты миллион сегиз жүз сексен миң тогуз жүз) сом суммада бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Зайналовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |