Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-апрели № 5
Жалал-Абад шаарынын жаңы кѳчѳлѳрγнѳ ысым ыйгаруу жѳнγндѳ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин гоеграфиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берγγ, ѳзгѳртγγ боюнча жобосун жана социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердγγлγк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын терайымынын Э. Сатарованын баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги ХХХШ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Т. Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашкан Качкынчы айылындагы жаңы кѳчѳлѳрдγн бирине Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Исаков Баиттин ысымы ыйгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарындагы Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашкан Качкынчы айылындагы жацы кечеге Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Мендулатов Маматтын ысымы ыйгарылсын.
3. Жалал-Абад шаарынын жаңы кѳчѳлѳрγнγн бирине академик Мухтар Борбугуловдун ысымы ыйгарылсын.
4. Жалал-Абад шаарындагы Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашкан Качкынчы айылындагы жаңы кѳчѳгѳ Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Шайдуллаев Абдразактын ысымы ыйгарылсын.
5. Жалал-Абад шаардык архитектура белумуне ысым ыйгарылган кѳчѳнγ тактап беруу жаг жуктелсун жана жацы кечеге аншлагдарды даярдоо жана илуу турак жай коммуналдык чарба департаментине (А. Нуркулов) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизуу жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
7. Токтом аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердγγлук, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.
8. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирет.
Төрага | Э. Ормоков |