Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-апрели № 9
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 15.03.2016-жылдагы кезектеги XXXII сессиясынын 3-токтомуна ѳзгѳртγγ киргизγγ жѳнγндѳ
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтуу вз алдынча башкаруу жѳнγндѳ" мыйзамынын 31-беренесинин 17-пунктунун негизинде Жалал-Абад шаардык кеңешинни бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги ХХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 15.03.2016-жылдагы кезектеги ХХХII сессиясынын № 3-токтомунун 1 тиркемесиндеги "Жалал-Абад шаардык кеңешинин жана шаар мэриясынын буйругу менен ѳткѳрγлгѳн иш чараларга ижара акы тѳлѳнбѳйт" деген ченемди "Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңешинин жылдын башында бекитилген иш-чараларына ижара акы тѳлѳнбѳйт" деп ѳзгѳртγлсγн.
2. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 15.03.2016-жылдагы кезектеги ХХХII сессиясынын № 3-токтомунуна "Жалал-Абад шаарынын Курманбек стадионунда билет сатып ѳткѳрγлгѳн иш-чаралардын баарына ушул токтомдун 1 тиркемеси менен бекитилген тарифтерге ылайык акча каражатын тγшγрγγ стадиондун директоруна (Б. Рахман уулу) милдеттендирилсин" деп бир пункт кошуп коюулсун.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизγγ жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирет.
Төрага | Э. Ормоков |