Загрузка документа…
КѲК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-февралы № 15/1
Көк-Жар айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-2015-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу жана 2016-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-2015-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу жана 2016-жылга бюджетин бекитүү максатында Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-2015-жылдагы аткарган иштеринин маалыматын угуп , талкуулап аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү жана чыгашалар бөлүгү 235673 ( эки жүз отуз беш миң алты жүз жетимиш үч миң сом ) өлчөмүндө бекитилсин.
3. Каралган бюджеттин аткарылышын максатка ылайык чыгымдалышын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсепчиси Ф. Исмаиловага милдеттендирилсин.
Төрага | А. К. Кадыракунов |