КѲК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Көк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын XV сессиясы
2016-жылдын 15-февралы № 15/5
Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасына өзгөртүү киргизбөө жөнγндө
Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасына өзгөртүү киргизбөө жөнүндө Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 31-декабрь 2014-жылдагы № 182 мыйзамында ”Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Салык Кодексинин 337-статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргендигине карабастан айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы төмөндөгүдөй баада калтырылсын.
Сугат айдоо-1,0 га 112-сом
Кайрак айдоо-1,0 18 сом 50 тыйын
Чабындылар-1,0 12 сом 55 тыйын
Жайыттар -1,0 2 сом 25 тыйын
2. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы-экономикалык бөлүмунүн башчысы Н. Кененбаевага тапшырылсын.
Төрага | А. К. Кадыракунов |