Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 140
Оргочор айыл аймагындагы мекеме, уюмдардан, дүкөндөрдөн, ар бир түтүндөн таштандыларды ташып чыгарууга кызмат акысын бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн киреше боюнча жетектөөчү адиси Т. Усубакуновдун маалыматын угуп, талкуулап айылдык кеңештин 26-чакырылыш 34-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 14-апрелиндеги № 1480-Х11 салыктык эмес төлөмдөр мыйзамынын 12-1-беренелерине ылайык, 2016-жылдын 1-январынан тартып, Оргочор айыл аймагы боюнча таштандыларды ташып чыгарууга кызмат акысы төмөнкүдөй баада бекитилсин:
- жеке тарапка 6 айыл тургундарына 100 сомдон белгиленсин;
- юридикалык тарап катары (мектеп, почта, таза суу, СПА, ГПЗ «Оргочор», айыл өкмөтүндө) иштеген адамдардын санына жараша 25 сомдон;
- юридикалык тарап катары соода түйүндөрүндө, Марко- Поло, Газпром, автобаза ишканасында жана коммерциялык структураларда иштеген адамдардын санына жараша 100 сомдон алынат.
2. Жыйымда чогултуу мөөнөтү 2016-жыл 1-апрелге чейин белгиленсин.
3. Таштандыларды чыгарууга кызмат акысын өз убагында чогултуу, айыл өкмөтүнүн киреше боюнча жетектөөчү адиси Т. Усубакуновго жана чогулган акча-каражатын туура пайдалануу жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына, жыйымды өз убагында төлөө боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, он башылар менен бирге иштөө айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4. Таштандыларды чыгарууга кызмат акысы боюнча жеңилдик Баатыр Энелерге жана жалгыз бой түтүн болуп камтылган үй ээлерине берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Супатаевге тапшырылсын.
Төрайым | В. Атакозуева |