Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 139
Айыл чарба жерлеринин айрым категориясы боюнча салыктын ставкаларын жогорулатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 182 “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 337-339-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Премьер- Минисрти Т.А. Сариевдин 2016-жылдын 12-январындагы протоколдук тапшырмасын аткаруу жана айыл өкмөтүнүн киреше боюнча адиси Т. Усубакуновдун маалыматын угуп, талкуулап айылдык кеңештин 26-чакырылышынын 34-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба багытында эмес жерлердин пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесине ылайык:
- калктуу конуштардын жерлери жер салыгынын ставкасы калктын саны 5 минден 10 минге чейинки калктуу конуштардын жерлеринин ставкасы 1,6 эки эсеге жогорулап 3,2 ставкасы бекитилсин.
- калктуу конуштардын чек арасынан тышкаркы жайгашкан жерлер жер салыгынын ставкасы калктын саны 5 миңден 10 миңге чейинки жерлеринин ставкасы 1,6 эки эсеге жогорулап 3,2 ставкасы бекитилсин.
2. Токтомду Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы У. Асамбаевка тапшырылсын.
3. Токтом 2016-жылдын 4-январынан баштап күчүнө кирсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К. Супатаевка милдетендирилсин.
Төрайым | В. Атакозуева |