Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 142
Оргочор айылынын чыгыш тарабындагы 22 га жерди турак жай салууга жер тилкелерин берүүгө уруксаат берүү жөнүндө
Оргочор айыл өкмөтүнүн кайрылуусун талкуулап, Оргочор айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылыш 34-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оргочор айылынын чыгыш тарабындагы 22 га жерди турак жай салууга жер тилкелерин берүүгө уруксаат берилсин.
2. Аталган жаны конуш “Келечек” деп аталсын.
3. Жер тилкелерин алууга арыздар көп болуп жаткандыгына байланыштуу жер тилкелери 10 сотыхтан берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Супатаевка тапшырылсын.
Төрайым | В. Атакозуева |