Редакцияот 20.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын ХХVI чакырылышындагы Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз 21-сессиясы

 

2016-жылдын 20-февралы № 4

Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципладык кызматкерлеринин эмгек маянасына кашумча акча каражатын кошуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын баш оона айынын 21деги № 165 “Муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесине ылайык, Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Г. Элебесова аппарат кызматкерлеринин айлык маяна көлөмүн көбөйтүү жөнүндөгү кайрылуусу менен тааныштырып, маалыматын угуп жана талкуулап, Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде белгиленген сегиз сааттан ашык иштегендиктери, ошондой эле коммуналдык чыгымдардын, анын ичинде электр энергиясына болгон төлөмдөрдүн кымбаттагандыгына байланыштуу, социалдык жактан колдоо максатында кызмат акыларына кошумча 20% өлчөмүндө акча каражаты кошулсун.

2. Жыл ичинде акча-каражатынын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышы Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т. Турдакуновго жана ФЭБнүн башчысы Г. Элебесовага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын кѳзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, финансы,экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти чыңдоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш” маселелери боюнча № 1 туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Т. Бугубаев