Загрузка документа…
СЕМЕНОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-февралы № 3
Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016 жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин киреше , чыгаша бөлүгүн бекитүү жана 2017-2018- жылдарга болжолдуу долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун жана Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап, талкуулап чыгып, Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 6 993,3 (алты миллион тогуз жүз токсон үч миң үч жүз ) сом өлчөмүндөгү өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин, анын ичинен:
Теңдештирүүчү грант 1208,9 миң сом, атайын каражат 486,0 миң.сом.
2. 2017-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча 7004,1 (жети миллион төрт жүз миң бир жүз) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
Теңдештирүүчү грант 1079,7 миң сом, атайын каражат 486,0 миң.сом
3. 2018-жылга карата 7076,2 (жети миллион жетимиш алты миң эки жүз ) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
Теңдештирүүчү грант 973,3 миң сом, атайын каражат 486,0 миң.сом
4. Жыл ичинде акча-каражатынын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана каттоо Мамлекеттик укуктук актыларынын реестирине киргизүү үчүн Облустук Юстиция Башкармалыгына жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышы Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т. Турдакуновго жана ФЭБнүн башчысы Г. Элебесовага милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын козөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти чыңдоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш” маселелери боюнча № 1 туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Т. Бугубаев |