Загрузка документа…
СЕМЕНОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-майы № 2
Семеновка айыл өкмөтүн Кожояр айыл өкмөтү, Семеновка айылын Кожояр айылы деген аталышка өзгөртүп атоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын администрациялык – аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 12-беренесинин 1-2 пунктуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 25-июль № 130, 2008-ж 21-июлундагы № 159 редакциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевдин 2016-жылдын 19-январындагы “Тарых жана маданият жылынын” жарлыгына ылайык Семеновка айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Т. Бугубаевдин жана Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы А. Турдакуновтун маалыматын, жергиликтүү жааматтын пикирин угуп жана талкуулап Семеновка айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семеновка айыл өкмөтүн Кожояр айыл өкмөтү, ал эми Семеновка айылын Кожояр айылы деген аталышка өзгөртүү жагы Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
2. Айыл өкмөттүн аталышын өзгөртүүгө кеткен чыгым, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
3. Аталган токтом каттоо жана мамлекеттик укуктук актыларын реестрге киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын Семенов айыл өкмөт башчысы А.Т. Турдакуновко милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин депутаты Э. Раимбековко жүктөлсүн.
Төрага | Т. Бугубаев |