Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 114/XXXII - 2
Мурунку мектепке чейинки билим берүүчү “Ак – Бешик” мекемесинин имаратын “Тулпар” билим берүүчү – эстетикалык борборуна убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Мурунку “Ак – Бешик” мектепке чейинки билим берүүчү мекеменин имаратын “Тулпар” билим берүүчү – эстетикалык борборуна берүү мүмкүндүгү жөнүндө “Тулпар” билим берүү – эстетикалык борбордун катын карап көрүп, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык мүлк менчиги жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1. Мурунку “Ак – Бешик” мектепке чейинки билим берүүчү мекеменин имаратын, “Тулпар” билим – берүү эстетикалык борборуна ижара төлөөсүз убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин .
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаменти:
- Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык мүлк менчиги” Мыйзамынын негизинде “Имаратты убактылуу пайдалануу” жөнүндө келишимин түзүшсүн.
- келишим түзүүдө коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө (суу үчүн, электр энергиясы үчүн) акы төлөө маселеси каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча депутаттарынын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |