Загрузка документа…
БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № 191
“Айыл чарба жерлерин колдонууга жер салыгынын базалык ченин бекитүү жөнүндө”
Москва районунун мамлекеттик администрациясынын 21.01.2016 жылындагы № 01-17/154 катын угуп жана талкуулап Беловодский айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Айыл чарба жерлерин колдонууга жер салыгынын базалык чени 2016 жылга бекитилсин:
1 га сугат айдоосуна 442 – 00 сом;
1 га богара айдоосуна 117 – 00 сом;
көп жылдык өсүмдүктөргө 265 – 00 сом;
чөп чабыкка 79 – 00 сом;
жайыт жерлерине 57,8 сом;
2. Беловодский айылдык кеңешинин 08.12.2015 жылындагы №176 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттоого жиберсин.
4. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Д. Казыгуловага жүктөлсүн.
Төрага | О. Чекирбаев |