Загрузка документа…
БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-декабры № 181
“Жарды жаран Л.А. Потаповага ЧЖМФ жерлеринен 1 /бир/ га сугат жери 1 /бир/ жылдык ижарага түз жолу менен берилүүсү жөнүндө”
Жер комиссиясынын төрагасы С.М. Рагимовдун ЧЖМФ жерлерин ижарага берүү боюнча маалыматын жана жарды жарандардын арыздары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Чарба жерлеринин кайтадан бөлүштүрүү Фондунун жерлерин ижарага берүү ирети жана шарттары жөнүндөгү Типтик жобосун бекитүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык 2 п. 14 п/п, жана ЧЖМФ жерлерин ижарага берпүү боюнча жер комиссиясынын отурумунда каралган жана Беловодский айылдык аймактын ЧЖМФ жерлери боюнча Перспективдик планына ылайык экенин угуп жана талкуулап Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Жарды жаран Потапова Любовь Александровга анын берилген арызына ылайык түз берүү жолу менен субарендасыз 1 /бир / жылга 1 /бир/ га сугат айдоо жери ижарага берилсин.
2. Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттоого жиберсин.
3. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Казыгуловага жүктөлсүн.
Төрага | О. Чекирбаев |