Загрузка документа…
ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-февралы № 2
“Жер салыгынын базалык ченин жогорулатуу жөнүндѳ”
Каржы министрлигин 24.04.2014-ж. № 25-01-2/4475 катынын жана Сокулук райондук Салык кызматынын 08.05.2014ж. № 012/14/06-09-2730 катынын негизинде Салык Кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык айыл чарба багытындагы жерлерин пайдалангандыгы үчүн Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында жер салыгынын базалык ченин жогорулатуу боюнча
Военно-Антоновка айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Сугат жерлердин” 1га жеринин баасы 500 сом өлчөмүндө, ал эми “Кайрак жерлердин” 1 га жеринин баасы 150 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы А. Толбашиевага жүктөлсүн.
Төрага | Н.М. Бокомбаев |