Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 95
“2015 – жылдын бюджетин аткаруу жана 01.01. 2016–ж. акча каражаттарынын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө”
Социалдык – экономикалык өнүгүү, бюджет, саламаттыкты сактоо боюнча бюджеттик комиссиянын корутундусун жана ФЭБ башчысы Н. Б. Жумагалованын 2015 – жылдын бюджеттин аткаруу жана 01.01.2016 –ж акча каражаттарынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Биринчи Май айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2015 – жылдын бюджетин аткаруусу кирешелер боюнча 25574,7 миң сом суммасында, анын ичинде ата – энелер төлөмү жана айылды абаттоо – 811,7 миң сом бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2015 – жылдын бюджеттин аткаруусу чыгышалар боюнча 20797,6 миң сом суммасында, анын ичинде 01.01.2015 –жылдын бюджет жана атайын эсеп боюнча калдыктардын эсебинен 2535,0 миң сом суммасында, атайын эсеп 684,1миң сом бекитилсин.
3. 2016 –ж 01.01 калган акча каражаттарынын калдыктары бюджет боюнча 7159,8 миң сом суммасы, атайын эсеп – 152,3 миң сом төмөнкү бөлүктөргө бөлүнсүн:
70111 – аппарат
1. 5 сый акы – 685,9 миң сом.
2. Компьютерде иштөө үчүн – 233,9 миң сом
3. Соц фондго чегерүү – 158,7 миң сом.
4. Картридждерди толтуруу – 14,6
КР “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 17 бер 28, “Биринчи Май айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлерине материалдык жардамда төлөө тартиби жана шарттары, сыйлоо жөнүндө” жобонун,КР эмгек кодексинин 145 – бер; КРӨ 2007 –ж 27.08.№ 863 “ Өзгөчө шарттарда эмгек акыны төлөө жөнүндө” токтомунун, оорулардын алдын алуу департаменти жана МСЭК корутундусунун негизинде. Бардыгы – 1093,1 миң сом.
70629 – ТКЧ
Башка чыгашаларга (малды жана канаттууларды каттоо, айыл – чарбалык каттоо) – 149,2 миң сом.
Бардыгы: 149,2 миң сом.
70911 – бала бакчалар.
Балдар аянтчасын көрктөндүрүү жана тосмолорду алмаштыруу – 1511,8 миң сом.
70921 – орто мектептер.
№ 1 АОМ тосмосун алмаштыруу – 2692,2миң сом.
№ 4 АОМ – 1713,5 миң сом.
Бардыгы: 4405,7 миң сом.
2016 –ж 01.01. калган акча каражатынын калдыктары атайын эсеп боюнча 152,3 миң сом суммасы бөлүштүрүлсүн:
70111 – аппарат
Консультанттардын кызматы – 34,9 миң сом.
70911 – бала бакчалар
Тамак аш – 64, 9 миң сом.
Муздаткыч камералар 2 заана – 52,5 миң сом.
Төрага | Б.А. Саралаев |