Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 98
“АЧЖМФ жерлери үчүн минималдуу (баштапкы) ижара акысынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы чөлкөмдүк коэффициенттерди, таштандыларды чыгаруу жана абаттоо үчүн чендерди бекитүү жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн башкы адиси Г. В. Гапоненканын маалыматын угуп жана талкуулап, Биринчи Май айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. АЧЖМФ жерлери жана айыл өкмөтүнүн жерлери үчүн минималдуу (баштапкы) ижара акысынын ченин 1 га үчүн төмөнкү өлчөмдө бекитилсин:
Сугат айдоо жери – 900 сом.
Кайрак айдоо жери – 350 сом.
Көлмө – 400 сом.
2. Айыл чарба эмес багытындагы жерлер үчүн Кз чөлкөмдүк коэффициенти 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Короо – жай участогу үчүн Кз чөлкөмдүк коэффициенти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
4. Таштандыларды чыгаруу үчүн бир иштөөчүдөн 50 сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Айылды абаттоого чогултуу чени бир короодон 20 сом өлчөмүндө бекитилсин.
Төрага | Б.А. Саралаев |