Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-апрели № 4/2
«Кызарт» бала бакчасынын башчысы Г. Дүйшееванын билдирүүсүн кароо жѳнүндѳ
«Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдардын тармактарынын абалы жана аларды ѳнүктүрүү жѳнүндѳ» 28-июль 2009-жылдагы КР Ѳкмѳтүнүн № 478 токтомун жетекчиликке алып, бала бакчадагы бир баланынын бир күндүк тамактануусунун ата-энелер тѳлѳп берүүчү бѳлүгүн бекитип берүү жѳнүндѳ «Кызарт» бала бакчасынын башчысы Г. Дүйшееванын жазган билдирүүсүн карап, айылдык кеңештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айылындагы «Кызарт» бала бакчасына балдарын тарбиялоого берген ата-энелердин чогулушунун 26.04.2016-жылдагы № 3 Протоколуна ылайык, бала бакчадагы бир баланын бир күндүк тамактандыруусу 40 сом болуп белгиленгендиктен, мунун 18 сому жергиликтүү бюджеттен суралсын, ал эми ата-энелер тѳлѳп берүүчү бѳлүгү 22 сом болуп белгиленсин;
2. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Кадиевге жана «Кызарт» бала бакчасынын башчысы Г. Дүйшеевага милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Жумаева |