Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-апрели № 4/3
Жаңы-Арык айыл аймагынын, Кызыл-Эмгек айылынын тургуну Бектемиров Рахаттын кайрылуусун кароо жѳнүндѳ
Жаңы-Арык айыл аймагынын, Кызыл-Эмгек айылынын тургуну Бектемиров Рахаттын кайрылуусун карап, айылдык кеңешинин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айыл аймагынын Кызыл-Эмгек айылынын тургуну Бектемиров Рахаттын кайрылуусу канааттандырылсын;
2. Жаңы-Арык айыл аймагынын чегиндеги «Чоң саз» участкасындагы Кызыл-Эмгек айылындагы бѳлүгүнѳн балык чарбасын ѳстүрүүгѳ 0,20 га жер аянты Бектемиров Рахатка арендалык келишимдин негизинде берилсин;
3. Бул участканын чегин аныктап, жеринен ченеп бѳлүп берүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси К. Кѳктаевге тапшырылсын;
4. Аренда акысын аныктоо айыл ѳкмѳтү менен биргеликте аныкталып, арендалык келишим түзүлсүн;
5. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Кадиевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Б. Жумаева |