Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-майы № 5/1
Жаңы-Арык айыл ѳкмѳтүнүн 2016-жылдагы кабыл алынган бюджетинин статьяларына ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
Жаңы-Арык айылындагы «Кызарт» бала бакчасынын башчысы Г. Дүйшееванын 13.05.2016-жылдагы билдирүүсүн карап, Жаңы-Арык айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Т. Султанкадыровдун маалыматын угуп жана айылдык кеңештин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап Жаңы-Арык айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айыл ѳкмѳтүнүн 2016-жылдагы кабыл алынган бюджетинен тѳмѳндѳгү статьялар боюнча бѳлүнгѳн каражаттар:
1) 22152200 статьясы боюнча этнографиялык музей уюштурууга бѳлүнгѳн каражаттан 23,3 миң сом;
2) 22154900 статьясы боюнча спорт оюндарын ѳткѳрүүгѳ бѳлүнгѳн каражаттан 20,0 миң сом;
3) 22154900 боюнча даталуу күндѳрдү уюштурууга жана ѳткѳрүүгѳ бѳлүнгѳн каражаттан 8,0 миң сом;
4) 22152900 статьясы боюнча паркка мамлекеттик акт алуу үчүн бѳлүнгѳн каражаттан 6,0 миң сом;
5) 22154900 статьясы боюнча бѳлүнгѳн желек алууга жана банер жасатууга бѳлүнгѳн каражаттан 6,0 миң сом;
6) 22152100 статьясы боюнча мектептердин ремонту үчүн бѳлүнгѳн каражаттан 60,0 миң сом;
7) 22221200 статьясы боюнча мектептердин ар кандай чыгымдары үчүн бѳлүнгѳн каражаттан 15,0 миң сом. Жалпысы: 138,3 миң сом
Жогорудагы статьялар боюнча бѳлүнгѳн каражаттар айылдагы жаны ачылган «Кызарт» бала бакчасына:
22181100 статьясына балдардын тамак-ашы үчүн 111,3 миң сом;
31123290 статьясына 20,0 миң сом газплита, 7,0 миң сом 2 (эки) даана килем алуу үчүн жалпысы 138,3 миң которулсун;
2. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Кадиевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Б. Жумаева |