Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-апрели № 21/2
Жаңы-Жол айылдык А. Жумабеков атындагы оорукананын башкы дарыгери Б. Алымкуловго турак-жай салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Б. Алымкуловдун арызы боюнча,мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айылдык А. Жумабеков атындагы оорукананын башкы дарыгери Б. Алымкуловдун, ийгиликтүү иштөөсүнө жана жашоосуна жакшы шарт түзүп берүү макасатында, турак-жай салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жагы, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Жер аянтынын ордун көрсөтүү жана тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы жер адиси М. Акматовго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Аталган токтом Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Janyjol-aksy.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет
Төрага | Э. Байышов |