Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-апрели № 21/5
«Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-2018-2019-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө»
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-2018-2019-жылдардын киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы К. Көкүнбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-2018-2019-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору түзүлгөн эсептөөлөргө негиз жактырылсын.
2. Түзүлгөн болжолдуу эсептөөлөрдү аткаруу жагы, айыл өкмөтүнүн башкы салыкчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Janyjol-aksу.kg веб сайтына расмий жарыялагандан баштап күчүнө кирет.
Төрага | Э. Байышов |