Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-апрели № 21/6
Аксы Райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын 18.02.2016-жылдагы № 01-13/12 номери менен Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө жолдонгон катын кароо жөнүндө
Аксы Райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын 18.02.2016-жылдагы № 01-13/12 номери менен Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө жолдонгон катын кароо боюнча Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн вет.адиси М. Кубатбековдун билдирүүсүн жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксы райондук ветеринардык жана фито санитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын 18.02.2016-жылдагы № 01-13/12 менен келген каттагы тиркемеде көрсөтүлгөн ветеринардык тейлөө кызмат акысы, айыл тургундарынын мүмкүнчүлүгүнө ылайык келерлиги белгиленсин.
2. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору М. Кубатбековго айыл өкмөттүн аймагындагы калктуу конуштарды тейлеген ветеринардык санитарлар менен тиркемедеги ветеринардык кызмат көрсөтүү баалары менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. . Аталган токтом Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Janyjol-aksy.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Э. Байышов |
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин
06.04.2016-жылдагы № 21/ 6 токтому
менен бекитилди.тиркеме № 1
Жаңы-Жол айыл аймагынын мал ээлеринин өз менчигиндеги малдарын ветеринардык тейлөө баасы.
№ | Аткарылуучу жумуш | Малдын түрү | Баасы (сом) |
1.Вакцинация | |||
1 | Сибиркага | Кара мал | 30 сом |
2 | Шарпка | Кара мал | 30 сом |
3 | Кара санга | Кара мал | 30 сом |
4 | Кутурмага | Итке | 50 сом |
5 | Чечеке | Кой, эчки | 10 сом |
6 | Сибиркага | Кой, эчки | 10 сом |
2. Дарылоо иштери. | |||
1 | Кан тамырдан дары берүү КРС | Кара малга | 50 сом |
2 | Кара малга (дары ээсинин өзүндө болсо) |
| 10 сом |
3 | Кара малга (дары вет.санитардан болсо) |
| Дарынын баасына жараша |
4 | Кой, эчкиге(дары ээсинин өзүндө болсо) |
| 50 сом |
5 | Кой, эчкиге (дары вет.санитардан болсо) |
| Дарынын баасына жараша |
3. Чакыруу боюнча баруу. | |||
1 | 100м 1 км чейин |
| 50 сом |
2 | 1 км 5 км чейин |
| 100 сом |
3 | 5 кмден жогору |
| 200 сом |
4. Кан алуу | |||
1 | Жылкы кара мал |
| 50 сом |
2 | Кой, эчки |
| 10 сом |
3 | Ит |
| 50 сом |
5. Плод алуу. | |||
1 | Уйдан |
| 300 сом |
2 | Кой, эчки |
| 100 сом |
6. Хирургиялык жардам | |||
1 | Кара малга 5тен ашык шов салынса |
| 200 сом |
2 | Кой, эчки |
| 100 сом |
3 | Ат бычуу |
| 1000 сом |
4 | Бодо мал бычуу |
| 500 сом |
5 | Козу, улак бычуу |
| 10 сом |
6 | Уйлардын желинин тазалоо |
| 200 сом |
7. Тоок | |||
1 | Чума «Н» эмдөө |
| 10 сом |
2 | IX-жалпы малдарды клиникалык көзөмөлдөн өткөрүү |
| 10 – 50 сом |
|
|
|
|