Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 26-1
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2016-жылга карата калдык акча-каражатын пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 1-январь 2016-жылга карата 1 885 198,23 сом калдык жана атайын эсебиндеги 89 743 сом акча-каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2016-жылга карата 1 885 198,23 тый. калдык акча-каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
1. Ат-Башы айылынын квартал башчыларына, аксакалдар сотуна, айылдык кеңештин төрагасына жана айыл өкмөттүн жумушчуларынын эмгек акы, соц.фонд төлөмүнө 754 700 сом;
2. Электр энергия үчүн 270 700 сом;
3. Ит атууга 50 000 сом;
4. Чарбалык чыгымдарга; 77 000 сом;
5. Жайыт комитетине; 400 000 сом
6. Адвокат кызматына; 120 400 сом;
7. Крандын кызматы; 19 000
8. Муниципалдык ишканага; 193 400 сом;
2. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги атайын каражат боюнча 01.01.2016-жылга калган калдыгы 89 743 сом төмөндөгүдөй багыттарга бөлүштүрүлсүн:
9. Башкаруу аппаратына 1700 сом ар кандай чыгымдар
10. Бала бакчаларга 88 043 сом тамак-аш чыгымдарына.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын .
Төрага | К. Айдыралиев |