Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 26-2
2015-жыл үчүн айыл өкмөт башчысынын аткарган иштери тууралуу отчетун угуу жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан 2015-жыл үчүн аткарган иштер боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун отчетун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун 2015-жылдагы аткарганган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөттүн банктагы эсеп счету 2015-жылдын декабрь айына чейин белгилүү себептер менен жабык болуп, айрым иштердин аткарылбаганы эске алынсын.
3. Ат-Башы суу каналдар ишканасын айыл өкмөттүн балансасына өткөрүп алуу иштери, соц фонд, ЦСМ мекемелерине имарат куруу үчүн жер тилкесин 2016-жылдын 1-апрелине чейин чечип берүү жагы айыл өкмөт башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жащылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Айдыралиев |