Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 26-3
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевдин Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 26 349 500 (жыйырма алты миллион үч жүз кырк тогуз миң беш жүз) сомго жана чыгаша бөлүгү 26 688 300 (жыйырма алты миллион алты жүз сексен сегиз миң үч жүз) сомго бекитилсин.
2. 2016-жылдын бюджетин түзүүдө айыл өкмөттүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн толук анализден өткөрүп, райондук финансы бөлүмү менен макулдашып алып келүү жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Айдыралиев |