Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-марты № 27-2
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн АРИС(коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентсвосунун) 3-долбоорунун конкурсуна катышуусу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн АРИС (коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентсвосунун) 3-долбоорунун конкурсуна катышуусу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси С.+мүралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылында АРИС (коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентсвосунун) 3-долбоорунун алкагында түзүлгөн фокус топтордун өткөргөн жыйындарынын жыйынтыгы боюнча муктаждыктардын ичинен 1-орунга чыккан атайын техника( таштанды ташуучу унаа) алуу үчүн өздүк салым катары айыл өкмөттүн бюджетинин эсебинен 100 000(бир жүз миң сом) бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө тиешелүү мурдагы алынган атайын техника (таштанды ташуучу унаа) эскилиги жетип токтоп калуу коркунучунда тургандыгы эске алынсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Төрага | К. Айдыралиев |