Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19 февралы № 139/18-3
Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок ш. ММБнын башкаруучусунун 18.02.2015-ж. чыг. № 402 өтүнмөсүн, Курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын жер тилкесинин зоналдык категориясын которуу жөнүндөгү 2014-жылдын 31-июлундагы № 14 протоколунун көчүрмөсүн карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Токмок ш. түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан, А.И. Валерхановдун жеке менчигиндеги 1 га жер тилкеси Р-2 зонасынан (рекреациялык-ландшафтык аймак) С-1 (чоң тилкелер менен саламаттык сактоо, билим берүү, илим, дене тарбия жана спорт объектилери) зонасына медресе жана спорткомплекс куруу үчүн которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Таманбаев |