Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 140/18-3
Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок ш. ММБнын башкаруучусунун 10.02.2015-ж. чыг. № 281 өтүнмөсүн, Курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын жер тилкесинин зоналдык категориясын которуу жөнүндөгү 2015-жылдын 15-январындагы № 1 протоколунун көчүрмөсүн карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Токмок ш. Ровнягин көчөсү менен Обводной каналынын ортосунда жайгашкан, Дж. Рашевдин жеке менчигиндеги 3,5 жер тилкесинин 0,25 га тилкеси Р-2 зонасынан (рекреациялык-ландшафтык зонасы) Р-4 (жеке бактар жана огороддор) зонасына жашылча сактоочу жайды куруу үчүн которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Таманбаев |