Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-майы № 163/20-3
Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын кириш № 126/02-17 27.04.2015-ж. өтүнүч катын жана Курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын жер тилкесинин зоналдык категориясын которуу жөнүндөгү 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 9 протоколунун көчүрмөсүн карап жана талкуулап чыгып, ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 7-майындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Токмок ш. Ленин көчөсү 194А дарегинде жайгашкан, А.А. Абдыазимовдун жеке менчигиндеги 2000 ч. м. жер тилкесин Ц-2 зонасынан (жергиликтүү маанидеги тейлөө жана коммерциялык активдүүлүк борбору зонасы) К-1 зонасына (коммуналдык ишканалар, транспорт, кампага топтоо жана майда өндүрүш зонасы) унаа жуучу жай куруу үчүн которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Таманбаев |