Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-майы № 164/20-3
Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок ш. ММБнын башкаруучусунун 12.02.2015-ж. чыг. № 318 өтүнүч катын, Курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын жер тилкесинин зоналдык категориясын которуу жөнүндөгү 2015-жылдын 12-февралындагы № 4 протоколунун көчүрмөсүн карап жана талкуулап чыгып жана ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 7-майындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- Токмок ш. Гагарин көчөсү 75 дарегинде жайгашкан, Г. Сеитованын жеке менчигиндеги 595 ч.м. жер тилкесин П-1 зонасынан (өнөр жай ишканалары зонасы) Ц-1 (шаардын борбору зонасы) зонасына дүкөн жана кафе куруу үчүн которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Таманбаев |