Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-декабры № 94 /ХХ1-26
Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2015-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөөлөр жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен иш алып баруусу жана 2016-жылы калктын аярлуу катмарына бекер маалым кат берүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси А. Жумабаеванын айыл өкмөтүнүн 2015-жылы аз камсыз болгон үй бүлөлөр жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен иш алып баруусу боюнча маалымдамасын угуп жана талкуулап айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси А. Жумабаеванын “Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2015-жылы аз камсыз болгон үй бүлөлөр жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен иш алып баруусу жөнүндө” маалымдамасы эске алынсын.
2. Нурманбет айыл өкмөтүнө:
- Аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга азыркы мезгилде жүрүп жаткан бил айлыктын алкагында айыл өкмөтү тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлсүн.
- Учук оорусу менен ооругандарга даректүү материалдык жардам көрсөтүлсүн
3. Жыл башында калктын аярлуу катмарына бир жылда бир жолу Ысык-Ата райондук социалдык башкармалыгына берилүүчү маалым каттар бекер берилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Андашов |