Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-декабры № 97 /ХХ1-26
Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл өкмөтүнүн каржы каражатын сарптоо боюнча маселени карап жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагындагы спорт залдын проектисине 80 миң сом каралсын.
2. Жылдын жыйынтыгында пландын ашыкча аткарылышына байланыштуу айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине негизги эсептин эркин калдыгынан 46,8 миң сом сыйлоого бөлүнсүн.
3. Гүл-Балалык бала бакчасынын сарптаган электр энергиясына, үнөмдөлгөн калдыктан 65,0 мин сом жылдырылсын.
4. Автомашинаны ондоп түзөөгө 20,0 миң сом үнөмдөлгөн калдыктан жылдырылсын.
5. Мал каттоого ар бир түтүнгө 20 сомдон каралсын.
6. Бул токтомду аткарылышын көзмөлдөө Нуманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Андашов |