Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 101 / ХХ111 - 26
Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2016 – жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша булагын,жана 2017-2018-жылдарга карата айыл өкмөтүнүн божомолду бюджетинин долбоорун карап чыгып жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата түзгөн бюджети негизги каражаттар боюнча киреше булагы 6413,7 сомго жана чыгаша булагы 6413,7 сомго, атайын каражаттар боюнча 500 миң сомго бекитилсин.
2. Каржы-экономикалык бөлүмүнүн кызматкерлери Көчөралиева С, Жумабекова П, Джолбунова Д,
- айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн толтуруу максатта салык жана салык эмес төлөмдөрдүн ошондой эле мурунку жылдардан калган карыздарды чогултуунун негизинде 100% аткаруу милдеттендирилсин
3. 2015-жылдан калга 585,3 миң сом эркин калдык бекитилсин. Атайын каражаттардын эркин калдыгы 106,1 миң сомго бекитилсин.
4. Калган каражаттардын эсебинен каралган чыгымдардан тышкары жүгүртүүгө кассада накталай акча көлөмү 30,0 сомго бекитилсин
5. Айыл өкмөтүнүн каражаттар боюнча киреше жана чыгаша булагы 2017 – жылга карата божомол бюджети 6919,0 миң сом, 2018- жылга 7024,5 миң сомго бекитилсин
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нуманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Андашов |