Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 106/ХХ111-26
Нурманбет айыл аймагы боюнча мал башына төлөмдөрүн,жайыт комитетинин төрагасынын, эсепчи менен төраганын орун басарынын эмгек акысын бекитүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын негизинде жайыт колдонуучулардын мал башына төлөмдөрүнүн баасын, жайыт комитетинин төрагасынын, эсепчисинин жана төраганын орун басарынын эмгек акысын бекитүү жөнүндөгү маселени талкуулап айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитети сунуштаган мал башына төлөмдөр төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:
- ири мүйүздүү бодо мал башына - 86 сом
- жылкы башына - 86 сом
- тай, торпок башына - 60 сом
- кой, эчки башына - 17 сом
- жайыт комитетинин төрагасынын эмгек акысы - 5000сом
- жайыт комитетинин эсепчисинин эмгек акысы - 3500сом
- төраганын орун басарынын эмгек акысы - 2500сом
- эмгек акылары жылдын 12 айына эсептелсин
2. Кара–Конуш, Бөксө жайыттарынын түшүмдүүлүгү аба-ырайына байланыштуу аз болгондуктан мал аз барып жайыттар кыска мөөнөткө колдонулганына байланыштуу,айыл өкмөтүнүн бюджетине төлөнө турган салык 38000 сомдон 20680 сомго кыскартылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Андашов |