КАНТСКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
26-сессия
2015-жылдын 16-декабры № 149/XХVI-26
Кант шаарындагы жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү, мектептен тышкаркы мекемелерге жана балдар музыкалык мектебинин кызматкерлерине бир мезгилдүү материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кант шаарындагы жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү, мектептен тышкаркы мекемелерге жана балдар музыкалык мектебинин кызматкерлерине бир мезгилдүү материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражатын бөлүштүрүү тууралуу Кант шаардык мэриясынын 11.12.2015-жылдагы 10.28/01-25 номерлүү катын, Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып Кант шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык мэриясы 2015-жылдын башындагы бош калган бюджеттик акча каражатынын эсебинен Кант шаарындагы жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү, мектептен тышкаркы мекемелерге жана балдар музыкалык мектебинин кызматкерлерине бир мезгилдүү материалдык жардам көрсөтүү үчүн 2,325 (эки миллион үч жүз жыйырма беш) миң сом суммасында акча каражатын тизмеге ылайык бөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуук комиссиясына (Мамралиев М.М.) жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Шайлдабеков |