Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 64/22-26
Юрьевка айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгынын негизинде жана 2016-жылга карата Юрьевка айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Н. Шамбетованын маалымдамасын угуп жана талкуулап Юрьевка айылдык кеңеши төмөнкүлрдү байкады: жергиликтүү бюджеттин чыгымдары аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүгө сарпталган, максаттар так тизмектелген, ар бир беренеге бөлүнгөн каражат так көрсөтүлгөн. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү толугу менен таблицада көрсөтүлгөн, жогорку көрсөткүчтөрдөн улам Юрьевка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата түзгөн бюджети негизги каражаттар боюнча киреше булагы 5349,8 миң сомго жана чыгаша булагы 5349,8 миң сомго бекитилсин. Анын ичинде:
Жергиликтүү бюджет: 4266,7 миң сом
Теңдөөчү грант: 1043,1 миң сом
Атайын эсеп: 40,0 миң сом
2. Китепкана, клуб, турак-жай чарба бөлүмүнүн жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаттык жүгүртмөсү бекитилсин. Бөлумдөр боюнча чыгашалар:
Мамлекеттик тейлөө кызматы: 2444,1 миң сом
Анын ичинен теңдөөчү грант: 1043,1 миң сом
ТЖЧ : 435,5 миң сом
Китепкана: 80,4 миң сом
Клуб: 530,2 миң сом
Билим берүү: 1548,1 мин сом
Анын ичинен жергиликтүү бюджет: 1548,1 миң сом
Социалдык камсыздоо: 271,0 миң сом
Анын ичинен жергиликтүү бюджет: 271,0 миң сом
Айылдык кеңештин төрагасына бир жолку компенсация: 5,2 миң сом
3. Жергиликтүү бюджеттин 2016-жылга 5349,8 миң сом, 2017-жылга – 5451,5 миң сом, 2018-жылга 5514,5 миң сом божомол планын (прогноз) бекитүүгө макулдук берилсин.
4. Юрьевка айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата пландын киреше бөлүмүнүн божомолуна ылайык, акылуу кызматтардан келип түшкөн каражат беренесинен Юрьевка айыл өкмөтүнө 40,0 миң сом бөлүнгөн, андан бөлүмдөр боюнча чыгашалар:
АУП 30,0 миң сом
ТЖЧ 10,0 миң сом
Баардык маалыматар ______баракта тиркелет
5. 2016-жылга карата эркин калдыгы 1279,9 миң сомго бекитилсин. Анын ичинен:
АУП, ТЖЧ бөлүмдөрү: айыл өкмөтүнүн апппаратына сыйлык 276,9 миң сом
Анын ичинен: 1-берене 236,2 миң сом
2-берене 40,7 миң сом
ТЖЧ бөлүмү:
Башка чыгашалар 69,9 миң сом
Маданият бөлүмү:
ӨСИ проектин кошумча каржылоо 853,1 миң сом
“2016-жылды Тарых жана маданият жылы
деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгынын негизинде маданияттык
иш-чалаларды өткөрүүгө 50,0 миң сом
Атайын эсептин эркин калдыгы 2016-жылдын 1-январына 29,9 миң сом бекитилсин, ошол каражат айыл өкмөтүнүн башка чыгашаларына жумшалсын.
6. Калган каражаттардын эсебинен каралган чыгымдардан тышкары жүгүртүүгө кассада накталай акча көлөмү 30,0 сомго бекитилсин.
7. Р.Шабатоев атындагы орто мектебинин таза сууга саналган 42,8 миң сом бекитилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Эминов |