Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-июну № 168/XXIX-26
Кант шаарынын № 4 орто гимназия-мектебине Максутова Асымкуль Максутовнанын атын ыйгаруу жөнүндө
Социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт боюнча иштер жана коомдук тынчтыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын чечимин жана Кант шаарынын №4 орто гимназия-мектебинин жамаатынын, окуучуларынын жана ата-энелердин “Кант шаарынын № 4 орто гимназия-мектебине Максутова Асымкуль Максутовнанын атын ыйгаруу жөнүндө” кайрылуусун карап чыгып
1983-1990-жылдары СССРдин калыптанышына 50 жыл атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филологиялык факультетинде орус тили жана адабияты адистигинде окуган.
Эмгек жолу:
- 1996-жыл – Кант шаарынын № 4 орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;
- 1996-жыл – тарбия иштери боюнча директордун орун басары;
- 1997-жыл – “Билим берүүнүн отличниги” наамын алган;
- 1997-жыл – Кант шаарынын № 4 орто мектебинин директору;
- 2008-жыл – Ысык-Ата райондук билим берүү башкармалыгынын бышчысы;
- 2009-жыл – 3-класстагы мамлекеттик кызматтын инспектору наамын алган;
- 2010-жыл – Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болгон.
Эмгек жолунда өзүн билгич адис катары көрсөтүп, билимин туура колдоно билген, жаш муунга жакшы үлгү болгон. Ар дайым тажрыйбасын көтөрүүгө аракет кылган. Кант шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын № 4 орто гимназия-мектебине Максутова Асымкуль Максутовнанын аты ыйгарылсын;
2. Кант шаарынын № 4 орто гимназия-мектебинин директору М. И. Молдошева:
- Кант шаарынын № 4 орто гимназия-мектебинин аталышы “Максутова Асымкуль Максутовна атындагы Кант шаарынын № 4 орто гимназия-мектеби” деп өзгөргөндүгүнө байланыштуу кайрадан каттатсын;
- планга жараша окууну камсыздасын, мектептин Уставына керектүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт боюнча иштер жана коомдук тынчтыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына (А. К. Ногойбаев) жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Шайлдабеков |