Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-июну № 170/XXIX-26
Кант шаарынын Зеленая көчөсүнүн аталышын Эмильбек Иманкулов атындагы көчөсүнө өзгөртүү жөнүндө
Шаар куруу, өндүрүш, унаа, байланыш жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын чечими жана Кант шаарынын Зеленая көчөсүнүн аталышын Эмильбек Иманкулов атындагы көчөгө алмаштыруу жөнүндө кайрылуунун карап чыгып
1956-1960-жылдары Кочкорбаев атындагы колхоздун башчысы Социалисттик эмгектин баатыры Ысак Кочкорбаев менен бирге аталган колхоздо өз эмгегин баштаган.
1960-1966-жылдары Жумгал районунун айыл чарба инспекциясында, агроном-мал чарбасынын Суусамыр станциясында иштеген. 1966-1968-жылдары Тогуз-Торгон районундагы айыл чарба башкармалыгынын башчысы болгон. 1968-1969-жылдары мамлекеттик жайыт башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон.
1969-1976-жылдары Кант районунун Кеңеш-Анархайга тийиштүү мал чарбасынын унаа станциясынын директору болуп иштеген. 1976-жылдан баштап 18 жыл бою Кант районунун айыл чарба башкармалыгынын башчысы болгон. 1966-1993-жылдары райондук кеңештин депутаты болгон. Ошондой эле Кыргызстан Коммунисттик партиясынын ХΙ-съездинин делегаты болгон.
1994-жылы мамлекетке кошкон өзгөчө салымдары үчүн өзгөчө пенсионер деп табылган.
Сыйлыктары:
- 1958-жылы – Бүткүл Союздук айыл чарба көргөзмөсүнүн башкы комитетинин чоң күмүш медалы;
- 1970-жылы – “В. И. Лениндин туулгандыгына 100-жыл туусун басуудагы эмгеги үчүн” СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун маараке мадалы;
- 1973-жылы – СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун “Знак Почета” ордени;
- 1981-жылы – СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун “Эмгек Кызыл Туусу” ордени;
- 1986-жылы – СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун “Эмгек Кызыл Туусу” ордени;
- 2010-жылы – Кант шаардык кеңешинин ардак грамотасы жана “Кант шаарынын ардактуу жараны” наамы;
- Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун “Кыргыз ССРинин ардактуу агроному” наамынын ээси.
Жогорудагылардын негизинде Кант шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Зеленая көчөсүнүн аталышы Эмильбек Иманкулов атындагы көчөгө өзгөртүлсүн;
2. Көчөнүн аталышын өзгөртүгө демилге көтөргөндөр бул токтомго таянып уюштуруу жана каржы маселелерин чечишсин;
3. Бул токтомдум аткарылышын Кант шаардык кеңешинин шаар куруу, өндүрүш, унаа, байланыш жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.А. Макеев) жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Шайлдабеков |